Курс тили
Кыргызча ‎(ky)‎
Убакыт талап кылынат
4 саат
Курстун түрү
Онлайн
Курс акысы
Бекер
Курска кирүү
Каттоо үчүн ачык

Европа биримдигинин рыноктук талаптары

Бул модулда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экспорттоочулары үчүн ЕБ рыногунун талаптары жөнүндө маалымат берилет. Карала турган суроолордун айрымдары төмөнкүлөрдү камтыйт: ЕБ менен соода жүргүзүү мүмкүнчүлүгү канчалык чоң? Тарифтердин кандай түрлөрүн күтүү керек? ЕБде кандай рыноктук эрежелер бар жана кайдан алар тууралуу көбүрөөк билүүгө болот? ЕБге экспорттоого даярдануу канчалык кыйын?

Бул курсту аяктагандан кийин катышуучулар:

ЕБге экспорттоого байлныштуу көйгөйлөрдү аныктай алышат.
ЕБге экспорттоо үчүн өнүмдүн ар кандай түрлөрү жооп бериши тийиш болгон негизги стандарттарды түшүнө алышат.
ЖПС боюнча жеңилдиктерди алуу үчүн негизги талаптарды түшүнө алышат.
Тиешелүү уюмдар менен байланыш түзө алышат жана ЕБге экспорттоого даярдануу үчүн негизги маалымат базаларына кире алышат.

Курстун сертификаты

Курстун талаптарына жооп берген катышуучулар электрондук форматта берилген сертификатты алышат.

Курстун түзүлүшү

  • Модуль 1 Европа Биримдиги (ЕБ) менен сооданын көйгөйлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн баалоо
  • Модуль 2 ЕБ менен соодада преференциялардын жалпы тутумунан пайдалануу
  • Модуль 3 Евробиримдиктин экспорттук талаптарына жооп берүү
  • Модуль 4 ЕБге экспорттоого даярдык