Курс тили
Кыргызча ‎(ky)‎
Убакыт талап кылынат
4 саат
Курстун түрү
Онлайн
Курс акысы
Бекер
Курска кирүү
Каттоо үчүн ачык

Эл аралык сооданын эрежелери

Ушул модулда эл аралык соода эрежелери жана аларды иштеп чыгууга, колдонууга жана башкарууга катышкан уюмдар жөнүндө жалпы маалымат берилет. Модулда эл аралык соода эрежелеринин негизги максаттары, аларды сактоонун артыкчылыктары жана алардын сакталышын камсыз кылуучу ар кандай мекемелер баяндалат. Ошол эле учурда алардын экспорттоочуларга тийгизген таасирине өзгөчө көңүл бурулат. Акырында, “соода жол-жоболорун жеңилдетүү” түшүнүгү жана эмне үчүн соода жол-жоболорун жеңилдетүү тышкы соода ишмердүүлүгүн жүргүзгөн же ушундай ишмердүүлүктү жүргүзүүнү пландаштырган чакан жана орто ишканалар үчүн маанилүү экени талкууланат.

Бул курсту аяктагандан кийин катышуучулар:

Эл аралык соодада эрежелер эмне үчүн зарыл экенин баалай алышат жана аларга ылайык ушундай эрежелер иштелип чыккан жана ишке ашырылган айрым негизги принциптерди аныктай алышат.
Экспорттоочулар эл аралык соодага катышууга байланыштуу кыйынчылыктарды жеңүү үчүн кандай ар кыл эрежелерди колдонгонун баалай алышат.
Эл аралык соодада соода келишимдеринин ролун, ошондой эле алардын экспорттоочуларга тийгизген негизги таасирин аныктай алышат.
Тарифтердин, тарифтик эмес чаралардын жана тарифтик эмес тоскоолдуктардын ортосундагы айырмачылыктарды биле алышат, ошондой эле алардын ишкердик ишмердүүлүгүнө тарифтик эмес тоскоолдуктардын таасирин минималдаштыруу боюнча айрым стратегияларды аныктай алышат.

Курстун сертификаты

Курстун талаптарына жооп берген катышуучулар электрондук форматта берилген сертификатты алышат.

Курстун түзүлүшү

  • 1-тапшырма Эл аралык соода эрежелери эмне үчүн бар?
  • 2-тапшырма Эл аралык соодада кандай эрежелер керек?
  • 3-тапшырма Соода келишимдери кандай роль ойнойт?
  • 4-тапшырма Тарифтик эмес тоскоолдуктар деген эмне жана аларды кантип минималдаштырууга болот?